• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Осмоналиев: Ысык-Көлгө Балыкчыдагы «Ак-Кеме» посту аркылуу гана кирүүгө болот

18 Бугу 202014:51 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарындагы «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик пост аркылуу гана кирүүгө болот. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Балыкчы шаарындагы постто облустук оорукананын лабораториясы орнотулган, кирип бара жаткандардан симптомдор табылган учурда экспресс-анализдер алынат. Текшерүүнүн алгоритмине ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин бардык сунуштамалары сакталат. Ал эми облустан райондук администрациялардан жана шаарлардын мэрияларынан алынган өткөрмө кагаздарын көрсөтүп, «Кызыл Омпол» посту аркылуу чыгышат. Аймактан-аймакка кирүүгө тыюу салынган, ошондуктан зарылчылык болбосо, үйдө болуңуздар!», — деди Осмоналиев.

Количество просмотров: 146