• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

91-күн. Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалап жатышат

27 Кулжа 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Суучулдар Ысык-Көлдү 91 күндөн бери тазалап жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды.

Учурда ӨКМдин суучулдары көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантууда. Ал эми 12-марттан тарта жалпы Ысык-Көлдүн акваториясынын 211 2254,59 гектар аянты тазаланып, суу астынан 7505 кг таштанды, 96 000 метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылды.

Количество просмотров: 84