• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин лидеринин ысымы берилеби?

8 Кулжа 2023 16:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 354 жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен эки тараптуу кызматташтыкты андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин болуп көрбөгөндөй өнүккөн мамлекетин түзүүдө маанилүү роль ойногон.

Талкуунун журүшүндө депутат Адахан Мадумаров республиканын аймагында Кыргызстандын чыгаан инсандарынын ысымы ыйгарылган чокулар барбы деп сурады. Терс жооп алган эл өкүлү чокуларды географиялык аталыштарды ыйгарууда артыкчылыктуу тартипте өлкөнүн улуу инсандарынын, баатыр ата-бабалардын ысымдары менен аташ керектигин белгиледи.

Бул пикирди депутаттар Марат Мураталиев, Мирлан Самыйкожо колдошту. Муну менен катар депутат Мирлан Самыйкожо өлкөдө 8 миң мөңгү бар экенин белгилеп, аларга Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмерлеринин, даанышман жетекчилеринин атын берүүнү сунуштап: «Аталыштарды ыйгаруу менен чектелбестен, аларды сактап калуу үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарыл», — деди Мирлан Самыйкожо.

Депутат Русланбек Жакышов мындай чечимдер коомдук пикирди эске алуу менен кабыл алынышы керектигин кошумчалады. Ал эми депутаттар Балбак Түлөбаев, Коргонбай Жусупбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Аманкан Кенжебаева мөңгүгө аталышты ыйгаруу дос мамлекеттин лидерине, негиздөөчүсүнө болгон сый-урматтын белгиси, эки элдин достугунун символу экенин белгилешти. Эл өкүлдөрү бул дүйнө жүзүндө кеңири тараган тажрыйба экенин айтып, мисал катары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы дүйнө жүзү боюнча көптөгөн объектилерге ыйгарылганын эске салышты.

Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Максим Горкий көчөсүнүн аталышы Бириккен Араб Эмирлигинин негиздөөчүсү жана туңгуч президенти Заид бин Султан Аль Нахайяндын ысымынан атала турганы талкуу жараткан болчу.

Количество просмотров: 80