• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Осмонбек Артыкбаев, депутат: «Министрликтер Сапар Исаковдун тапшырмасын аткарды…»   

17 Бугу 2018 16:58 Бишкек Govori.TV

 Бишкек. 17.05. 2018. Govori.TV

«Министрлик Сапар Исаковдун  Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө тапшырмасын аткарды”. Бул тууралуу парламенттеги ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Осмонбек Артыкбаев айтты.

Анын айтымында, ТЭЦтеги модернизация, ага корогон 386 млн. доллар боюнча аткаруучулар эмес жогору жактан буйрук бергендер жоопко тартылышы керек. “ТЭЦти модернизациялоодо кимдер чечти, ушунда чоң маселе турат. Алар ишти аткаргандар эмес, алар чечим кабыл алууга укуктуу болгондор. Тилекке каршы, азыр тапшырма бергендерди эмес, болгону аткаруучуларды күнөөлөп жатышат. Алардын негизинде министрлик өзүнүн жумушун аткарды. Ал тургай менин туугандарым мени чын эле ууру болгондугумду сурап жатышат. Мен бул ишке тиешем болбогонумду далилдейм”,-деди ал.

Эске сала кетсек, ТЭЦтин модернизацияланышы боюнча долбоор башталган кезде ал энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеген.

Количество просмотров: 5