• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Отунбаеванын баласына ортонун көргөзгөн 5 миң сом айыпка жыгылды (видео)

8 Бештин айы 2017 12:06 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту бүгун 8-декабрда Урматбек Токтоназаров менен Абай Асанбековго карата административдик ишти карады.

Урматбек Токтоназаровдун жол эрежесин бузуп, эскертүү жасаган айдоочуга ортон колун көргөзгөн видеосун 28-ноябрда экс-президенттин уулу, активист Атай Садыбакасов жарыялаган. Терезелери караңгылатылган, маяк менен жүргөн унаанын номери жасалма экени кийин белгилүү болот.

Видео жарыяланган соң кечинде унаа кармалып, бирок рулда башка адам, Урматбек Токтоназаровдун тууганы Абай Асанбеков болуп чыккан. Бирок, унаа бул учурда официалдуу мамлекеттик номер менен жүргөн.

8-декабрда өткөн сот отурумунда Урматбек Токтоназаров менен Абай Асанбеков күнөөлөрүн мойнуна алышты. Токтоназаров бузулуп калган “Камаз” унаасын айланып өткөнүн айтса, Асанбеков видеонун тараганын билбегенин, агасынын ордуна ортон кол үчүн кечирим сурап коюуну чечкенин айтышты.

Токтоназаров менен Асанбеков административдик кодекстин 224-беренеси менен күнөөлү деп табылып сот Айбек Эрнис уулу ар бирине 5 миң сомдон айып пул салды.

Количество просмотров: 7