• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Oxfam: пандемиядан улам жарым миллиард адам жакырланышы мүмкүн

10 Чын куран 2020 11:55 Бишкек Govori.TV

Жакырчылыкты жоюу багытында иш алып барган уюмдардын эл аралык бирикмеси (Oxfam) дүйнө лидерлерин коронавирус пандемиясынан кийинки экономикалык кесепеттердин алдын алуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгууга чакырды.

Oxfam вирустун жайылуусунан улам болжол менен дүйнөнүн дагы жарым миллиард жашоочусу жакырчылыктын сазына батышы мүмкүндүгүн эскертти.

«Бай өлкөлөр каатчылык маалында өз экономикасын колдоого триллиондогон доллар бөлө аларын көрсөтүштү. Ушундай эле жардам жакыр өлкөлөр үчүн да уюштурулушу керек», — деп жазылган баяндамада.

9-апрелде дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны бир жарым миллиондон ашты. Каза болгондор жүз миңге чамалап, 350 миңге жакын киши айыкты.

Количество просмотров: 101