Пакистандын Азад Кашмир тоолуу аймагындагы кар жана жер көчкүдөн кеминде 57 адам каза таап, 42 жаран жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Пакистандын аймагында кардын жана жамгырдын нөшөрлөп жааганынан 41 адам көз жумган. Ал эми Азад Кашмирде 15 адамдын каза болгону айтылган.
Жамму менен Кашмир штатында кар көчкүдөн дагы 9 адам мерт кеткен.
Кошумчалай кетсек, кар көчкүдөн 45 турак үй жабыркаган.