• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Пакистандан ташылып келген 22 тонна эт кайра артка жөнөтүлдү

25 Бештин айы 202517:11 Бишкек Govori.TV

«Торугарт» өткөрмө жайында 21,8 тонна уй эти Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жүк Кытай аркылуу Пакистандан ташылып келе жаткан.

Чек арадагы көзөмөл пунктундагы текшерүүнүн жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, аталган жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп бербей, ошондой эле жүк ташуу учурунда ветеринардык-санитардык эрежелер бузулган.

Натыйжада жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 165