• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

МСКнын Панфилов району боюнча текшерүү жана жазалоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

15 Бирдин айы 2024 16:46 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча текшерүү жана жазалоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 63 млн сом өлчөмүндө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча текшерүү жана жазалоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Т.С.А. кармалды.

Кармалган Т.С.А. салык кызматында иштеп, чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен коррупциялык бүтүмгө келип, жасалма эсеп-фактураларды колдонуу менен жалган фирмаларды түзүү жолу аркылуу салык төлөөдөн качуу схемасын уюштуруп, кийинчерээк «Чалдовар» көзөмөлдөп өткөрүү пункту аркылуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына товарларды алып киргени аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Т.С.А. кармалып, соттун чечими менен Юстиция министрлигинин №21 тергөө абагына киргизилди.

Учурда департамент тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 156