• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Пара Азия оюндарында жеңишке жеткен спортчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды 

31 Тогуздун айы 2023 9:26 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР президентинин жана министрлер кабинетинин атынан Ханчжоу (Кытай Эл Республикасы) шаарында өткөн IV Азиянын пара оюндарына катышып жеңиш менен кайтып келген кыргызстандык спортчуларды куттуктады.

Белгилей кетсек, Хусан кызы Хайитхон дзюдо боюнча алтын медаль, Жалалдин Абдувалиев жеңил атлетика боюнча күмүш, Жүзбаева Гүлназ жеңил атлетика боюнча коло медаль тагынышкан.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

“Кыргыз эли жана биздин Президент сиздердин пара спортундагы жеңишиңиздер жана ийгилигиңиздер менен сыймыктанат. Паралимпиадалык спорт коомубуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Сиздердин жетишкендиктериңиздер биздин балдарыбыздын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырууга чоң түрткү болот. Биздин спортчулар эл аралык аренада өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, жыл сайын медалдарды багындырып келишет. Албетте, бул Кыргызстандын ар бир жаранына чоң кубаныч жана сыймыктануу тартуулайт. Биздин спортчулар мындан ары дагы өлкөнүн намысын татыктуу коргойт деп ишенем. Биз мындан ары сиздерди колдоону улантабыз”, — деген Байсалов спортчуларга жаңы жеңиштерди жана рекорддук көрсөткүчтөрдү кааларын кошумчалады.

Биринчи орунга 1 млн 250 миң сом, экинчи орунга 750 миң сом, үчүнчү орунга 500 миң сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары каралган.

Эскерте кетсек, Пара Азия оюндарында кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди.

Парадзюдо боюнча 48 кг чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, пара жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медалга, Гүлназ Жүзбаева коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, пара Азия оюндары 20-30-октябрь күндөрү өттү.

Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышты. Мындан сырткары курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.

Количество просмотров: 77