• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Пара берди деген Маевскийдин ишин УКМК да Башкы Прокуратура да унутуп коюшкан

10 Үчтүн айы 2018 9:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго бир миллион доллар бара бергем деп арыз жазган Россиялык бизнесмен Леонид Маевский менен анын өнөктөшү Алексей Модиндин иши тууралуу Башкы Прокуратура да УКМК да кабарсыз.

Башкы Прокуратура Маевский менен Модинге пара берүү боюнча аракетине укуктук баа бердиби деп кайрылганыбызда Башкы Прокуратуранын маалымат кызматы иш улуттук коопсуздук комитетинде экенин айтты. Ал эми улуттук коопсуздук комитетине кайрылганыбызда иш Башкы Прокуратура да экенин билдирди. Башкы Прокуратура ишти УКМК карап жаткандыгын айтканыбызда, жооп алуу үчүн комитети төрагасынын атына расмий кат менен кайрылуу керектигин айтты .

Текебаев менен Чотоновдун иши каралып жатканда адвокаттар бир канча ирет Маевский менен Модинге кылмыш ишин козгоо керектигин айтып, ишти артка тергөөгө жөнөтүүнү талап кылышкан. Бирок, Жогорку Кеңеш жыйынында Башкы Прокурор Индира Жолдубаева Маевский менен Модиндин иши Текебаев менен Чотоновго козголгон кылмыш ишинен сырткары каралып жаткандыгын, иш толук каралып бүткөн соң Маевский менен Модиндин аракетине укуктук баа берилерин билдирген.

Жогорку Кеңеш депутаттары Маевский менен Модиндин пара бергени чын болсо токтоосуз кылмыш иши козголуп, камакка алынышы керектигин билдиришкен.

 

Количество просмотров: 7