• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Париждеги аэропортто 18 жыл жашаган киши каза болду

14 Жетинин айы 2022 8:59 Бишкек Govori.TV

Париждеги Шарль-де-Голль аэропортунда Махран Карими Нассери каза болду. Ал 1980-жылдары 2F терминалында 18 жыл жашаган жана ал жакка өлөрүнө бир нече жума калганда кайтып келген.

Нассери 1945-жылы Иранда төрөлгөн.

1977-1981-жылдары ал алты өлкөдөн баш паанек издеп, аны Бельгиядан алган. Ал жакта китепканага жумушка орношкон. 1988-жылы Нассери Париж аркылуу Улуу Британияга сапар тарткан. Айрым версиялардын бири боюнча ал документтерин жоготуп алган. Лондонго документи жок келгендиктен аны кайра Францияга жөнөтүшкөн. Ирандыктын өлкөгө кирүүгө уруксаты жок болгондуктан, ал аэропортту байырлап калган.

Нассери 2F терминалында жашаган. Жанында буюмдары салынган кол арабасы болгон. Ал өз жашоосун блокнотко жазып, китеп-журнал окуп күн кечирген.

1999-жылы Нассери Францияда качкын макамын алган, бирок 2006-жылга чейин аэропортто жашоону уланткан.

Ал ЖМКлардын жана голливуд режиссеру Стивен Спилбергдин көңүлүн бурган. 2004-жылы Нассеринин баяны боюнча “Терминал” трагикомедиясы тартылган. Тасмада башкы ролдорду Том Хэнкс менен Кэтрин Зета-Жонс ойногон.

Фильмдин бет ачарынан кийин журналисттер Нассериден интервью алып башташкан, ал өзүн «сэр Альфред» деп атаган.

2006-жылы ал ооруп калып, бейтапканага жаткырылган. Ошондон кийин ал Спилбергден алган акчасына хостелде жашаган.

Бир нече жума мурда Нассери 2F терминалына кайтып келген жана 12-ноябрда көз жумду. Аэропорттун өкүлү ал табигый себептерден улам каза болгонун айтты. Нассеринин жанынан бир нече миң евро табылган.

Теги:
Количество просмотров: 67