• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Парламент “чуулгандуу” сотторду Жогорку Соттун судьялыгына шайлап жатат

23 Бугу 2018 13:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV

Жогорку Кеңеш ушу тапта Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоону карап жатышат. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев алып чыкты. Талапкер катары сот тармагында, укук коргоо жагында  иштешкен Кыдык Жунушбаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Айдарбек  Алымкуловдордун аты аталды.

Талкуу маалында депутат Жанар Акаев аталган талапкерлердин баардыгы “соттордун Кудайы” деген каймана атагы бар Президенттик аппараттын сот-укуктук маселелр боюнча мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин кадрлары экендигин айтып, кесиптештерин беш талапкерди тең өткөрбөөгө чакырды.

Ал эми депутат Курманкул Зулушев болсо аталган талапкерлердин ар биринин кылган ишинде коомчулукту нааразы кылган фактылар бар экенин айтып, буларды өткөрбөөнү жактырды.

Количество просмотров: 17