• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Парламент “ТЭЦтин авариясы жана модернизациясы” боюнча токтом кабыл алды. Эми эмне болот?

17 Бугу 2018 18:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.05. 2018. Govori.TV

Жогоррку Кеңештин бүгүн “Бишкек ТЭЦиндеги авариянын келип чыгуу себептерин жана модернизацияга жумшалган 386 млн. доллардын коротулушун иликтөө боюнча” түзүлгөн депутаттык комиссиянын кортундусу боюнча токтом кабыл алды.

Токтомго депутаттык комиссиянын жалпысынан 30дан ашык энергетика тармагындагы жетекчилердин жана экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков, Ольга Лаврова, Аскарбек Шадиев баштаган бир катар өкөмттүк жетекчилердин жоопкерчилигинин кароо бюнча укук коргоо органдарына сунуш берилген.

Мындан тышкары депутат Исхак Масалиевдин “Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине экс-президенттин кол тийбестик макамын алуунун тартиби жана эрежелерин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тууралуу” сунушу, депутат Каныбек Иманалиевдин “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча долбоорго катыштыгы бар мурдагы Президенттин тышкы саясат бөлүмүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун жоопкерчилигин өзүнчө бөлүп кароо боюнча” сунушу, депутат Мирлан Бакировдун “ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоорун укук коргоо органдарынын карап чыгуусу тууралуу” сунуштары кошо камтылды.

Ошону менен бирге эле депутат Дастан Бекешевдин эл аралык аудит жалдап текшертүү жана депутат Айнуру Алтыбаеванын “Эсеп палатасына кайрадан текшертүү” сунуштары колдоо тапкан жок.

Эми аталган Токтомдун аткарылышы парламент тарабынан көзөмөлдөнөт жана үч айдын ичинде укук коргоо органдары бул иштер боюнча укуктук баа берип, күнөөкөрлөрдү аныктап, ишти сотко өткөрүүгө тийиш. Ошондой эле Токтом Президентке жана коопсуздук кеңешине да жөнөтүлүп, укук коргоо органдарынын тергөө иштери көзөмөлгө алынат.

Количество просмотров: 15