Парламент УКМКнын төрагасын жана 3 министрди дайындоого макулдук берди
18 Бирдин айы 202613:02 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында бир катар ведомстволордун жетекчилеринин талапкерлигин жактырды.
Ошентип, депутаттар төмөнкү талапкерлерди дайындоого макулдугун беришти:
- Шабданбеков Жумгалбек Кумаровичти — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматына;
- Шамырканов Урматбек Муслимовичти — өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына;
- Токтобаев Акыл Токтобаевичти — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызматына;
- Солтобаев Талантбек Осмонбаевичти — транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына.
Подписаться:
Количество просмотров: 139