• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Парламентте Илим Карыпбековдун иши каралат

31 Бугу 2018 7:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.05.2018. Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  Коомдук биринчи каналдын башчысы Илим Карыпбековдун 2017-жылга карата отчету каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда белгилүү болгондой,  башкы директор менен бирге Байкоочу кеңештин мүчөлөрү да депутаттардын алдында каналдын саясаты боюнча өздөрүнүн маалыматтарын айтышмакчы.

Өткөн жумада болсо парламенттин социалдык саясат комитети Карыпбековдун отчету жалпы палатага чыксын деген токтом кабыл алып беришкен.

Бирок, айрым Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү «аталган кеңеш каналдын коомдук болушуна таасир эте албай ит жатканын, андыктан кеңештин укуктарын кеңейтүүнү же кол жоолук кылбай жоюп салууну» сунуштаарын өздүк булактар кабарлашты.

Количество просмотров: 34