• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Парламентте ”шарика, мушарака” -деген терминдер сынга алынды

9 Чын куран 202619:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогору Кеңештеги жыйынында ислам принциптерине ылайык каржылоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, айрым терминдер боюнча талкуу жаралды.

Депутат Дастан Жумабеков мыйзам долбоорунда колдонулган “шарика” жана “мушарака” сыяктуу терминдерди сынга алып, аларды кыргыз тилинде жазууну сунуштады. Анын айтымында, мыйзамдар калкка түшүнүктүү, жеткиликтүү тилде болушу керек.

«Мыйзамдарда колдонулган ар бир түшүнүк жарандарга так жана жөнөкөй жетиши зарыл. Чет тилден алынган терминдерди мүмкүн болушунча кыргызчалоо керек», — деди депутат.

Белгилей кетсек, каралып жаткан мыйзам долбоору ислам каржы принциптерине негизделген инструменттерди өлкөдө өнүктүрүүгө багытталган. Анда “мушарака” (өнөктөштүк аркылуу каржылоо) жана “шарика” (шериктештик) сыяктуу түшүнүктөр кеңири колдонулат.

Айрым депутаттар бул терминдер эл аралык практикада бекитилгенин жана алардын так юридикалык мааниси бар экенин белгилешсе, башкалары мыйзамдардын тили мүмкүн болушунча жөнөкөй жана кыргызча болушу керек деген позицияны карманышты.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлер эске алынып, документти мындан ары да өркүндөтүү зарылдыгы белгиленди.

Количество просмотров: 160