• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Парламенттин кезексиз жыйыны эртеңкиге жылдырылды

6 Үчтүн айы 202215:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртең, 7-январга жылдырылды. Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарда болгондуктан кворум чогулган жок.

Жыйынга 90 депутаттын 39у гана келген. Парламенттин жыйыны башталышы үчүн эң аз 46 депутат катышышы керек болот.

Буга чейин Жогорку Кеңеш коңшу Казактандагы акыркы кырдаалда талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогула тургандыгын кабарланган болчу.

Количество просмотров: 84