• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Парламенттин сайтын жаңылоого 4 млн сом жумшалат

21 Теке 202315:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин сайтын жаңылоо үчүн 4 миллион сом сарптоо пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Техникалык тапшырмада веб-порталды модернизациялоонун максаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын көлөмүн көбөйтүү, ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле жарандык коом менен кайра байланыш системасын жана башка модулдук инструменттерди киргизүү экендиги белгиленген.

Количество просмотров: 118