• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аттестат ала албай жаткан 84 окуучунун ата-энеси президентке кайрылуу жолдошту

17 Теке 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июлда “Ай Кью” мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Алар президент Садыр Жапаровго, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдоп, аттестат маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

«Менин балам ушул “Ай Кью” мектебинде билим алды. Жаман окуса бир жөн, балама жүрөгүм орруп жатат. ЖРТдан жогорку балл алып, окуу жайга өткөн. Министрге барып, 8 саат күттүк, конкреттүү жооп болбой жатат. Аргасыз Садыр Нургожоевичке келдик»,-деди Арстанбек Чомоев.

Окуучулардын биринин апасы Айгүл Жанышбаева министрлик менен менчик мектептин чырынын айынан окуучуларга кыйын болуп жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө 84 бала ыйлап жатат. Биздин колубузга аттестатты берип койсо болмок. Андан кийин министрлик менен “Ай Кью” мектеби ич ара ызы-чууларын чечишип алышсын»,-деди Жанышбаева.

14-июлда Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйын куруп, “Ай Кью” мектеби боюнча маалымат берген. Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мектеп лицензиясы жок болгонуна карабастан 84 окуучуну сырттан окутканын билдирген.

Ашимбаева аталган 84 окуучунун мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк берилерин кошумчалган.

Количество просмотров: 70