• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Педофилияга айыпталган мурдагы аткаминерлер 3 жылга соттолду

6 Жетинин айы 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда апелляциялык сот балдар үйүндөгү кыздарды зордуктоого айыпталган мурдагы аткаминерлерди үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку соту билдирди.

Соттун өкүмүнө ылайык, мурдагы аткаминерлер Кылмыш-жаза кодексинин «16 жашка чыга электер менен жыныстык катнашка баруу» жана «Материалдык пайда көрүү жолу аркылуу 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагылар менен жыныстык катнашка баруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Хорезм облусунун борбору Үргөнч шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган жашы жете элек үч кызды зордуктаганы үчүн соттолгон аткаминерлердин жеңил жаза менен кутулуп кеткени быйыл апрелде социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.

Анда биринчи инстанциядагы сот облустук Юстиция башкармалыгынын мурдагы башчысы менен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисин 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле.

Бул окуя NeMolchi.uz долбоорунун зомбулукка каршы материалынан кийин гана ачыкка чыккан. Анда үч секелекти облустук бийлик өкүлдөрү 10 ай бою зордуктап келгени айтылган.

Количество просмотров: 229