2-мартка карата Перс булуңунун өлкөлөрүндө Кыргызстандын 22 миңге жакын жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө Сауд Арабияда жана Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) мекендештердин саны көп.
“Учурда абал туруктуу, жабыркагандар жок. Дубай шаарында жана Катарда туристтик максатта жүргөн, иштеген кыргыз жарандары көп. Катарда 800гө жакын турист бар. Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңге жакын жаран жүрөт. Башкы консулдукка Дубайдан миңден ашуун кайрылууларга жооп беришкен. Туризм департаменти мейманканаларга акысыз жашатууга билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Израилде менен Иранда 100 жаран бар. Учурда ТИМ альтернативдүү жолдорду ойлонуп, этаптуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деди ал.