• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Петербургда «Өчпөс отту» өчүргөн эки өзбекстандык окуучу депортацияланат

12 Бештин айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургдун Красносельский районунда «Өчпөс отту» өчүргөн мектеп окуучулары ата-энелери менен бирге Орусиядан депортацияланат. Бул тууралуу Орусиянын  Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Башкармалык 10 жана 14 жаштагы эркек балдардын үй-бүлөлөрү тиешелүү документтери жок Орусияда жүргөнүн айтууда. Алардын баары Өзбекстандын жарандары.

«Полиция эки үй-бүлөнү тең Орусиядан чыгаруу өтүнүчү менен сотко материалдарды даярдап жатат. Бул окуя боюнча полициянын материалдары, ошондой эле өспүрүмдөрдүн өздөрү жана алардын ата-энелери тергөө органдарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Окуя 10-декабрда Красное Село шаарында болгон. Өчпөс отко кар ыргытып жаткан эки өспүрүм көчөнүн көзөмөл камерасына түшүп калган. Жалын өчкөндөн кийин алар качып кетишкен. Кийинчерээк полиция аларды кармаган.

Орусия бийлиги «Өчпөс отко» шек келтиргендерди» биринчи жолу куугунтуктап жаткан жок. Ноябрдын ортосунда Волгограддын эки тургуну «Өчпөс оттон» чылым тутатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Количество просмотров: 209