• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Петербургда скинхеддер өзбек жаранына кол салышты

19 Аяк оона 20199:00 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургда национал-социалисттик багыттагы бейформал топтун өкүлдөрүнүн кол салуусуна кабылган өзбек жараны реанимацияда жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, Москвадан барган 17-20 жаштагы төрт өспүрүм көчөдө өзбек жараны менен жаңжалдашып, жыйынтыгында мигрант бычактан жаракат алган.

Полициядан билдиришкендей,колго түшүрүү маалында өспүрүмдөрдүн жанынан бычак табылган эмес. Алардын денесинде Үчүнчү Рейх менен ССтин белгилери түшүрүлгөн татуировкалар болгон.

Количество просмотров: 124