• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024
RUSSIA, ST PETERSBURG — MAY 10, 2024: First responders operate at the site where a bus fell off the Potseluyev Bridge into the Moyka River after colliding with car sharing vehicles. According to preliminary data, the bus was carrying up to 20 people; casualties have been reported. Valentin Yegorshin/TASS Ðîññèÿ. Ñàíêò-Ïåòåðáóðã. Ñîòðóäíèêè ýêñòðåííûõ ñëóæá îêîëî àâòîáóñà, óïàâøåãî â ðåêó Ìîéêó ïðè ñòîëêíîâåíèè ñ àâòîìîáèëÿìè êàðøåðèíãîâîé ñëóæáû. Ïî ïðåäâàðèòåëüíûì äàííûì, â àâòîáóñå íàõîäèëèñü äî 20 ÷åëîâåê, åñòü ïîñòðàäàâøèå è ïîãèáøèå. Âàëåíòèí Åãîðøèí/ÒÀÑÑ

Петербургда автобусу дарыяга кулаган ишкананын башчысы камакка алынды

14 Бугу 2024 13:45 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургдун Октябрь райондук соту 10-июль күнү автобусу Мойка дарыясына кулап кеткен «Такси» ишканасынын ээси Жахангир Адалет уулун  10-июлга чейин камакка алды.

Ал коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүүгө айыпталууда.

10-май күнү Санкт-Петербург шаарынын борбордук бөлүгүндө жүргүнчү ташыган автобус кишилери менен чогуу Мойка дарыясына кулаган. Кырсыктан жети адам каза тапты. Жараат алган эки адамдын абалы оор экенин, кырсык учурунда автобустун салонунда жыйырма жүргүнчү болгонун Орусиянын Ички иштер министрлиги маалымдаган.

РИА «Новости» агенттиги шаардык транспорт комитетине шилтеме кылып, айдоочу бардык медициналык текшерүүдөн өткөнүн, анын жумуш жана эс алуу режими сакталганын билдирди. Айдоочунун жубайы күйөөсү акыркы суткада тынымсыз иштегенин, нөөмөткө чыгар алдында беш сааттай гана уктаганын «78» телеканалына айткан.

Айдоочу да эки айга камакка алынган.

44 жаштагы Рахматшох Курбонов күнөөсүн мойнуна алып, тормоз системасы бузулган автобусту айдап баратканын айткан.

Социалдык тармактарга тараган тасмада автобус жолдогу бир нече автунааларды сүзүп, жол четиндеги тосмону бузуп, соңунда дарыяга кулаганы тартылган.

Количество просмотров: 110