• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Пиязды чек өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

1 Бирдин айы 202310:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды, тыюу 2023-жылдын 31-январынан тартып, үч айлык мөөнөткө чейин күчүндө болот.

«Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 65