• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк артка кайтарылды

22 Бугу 202615:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кызыл-Кыя» фитосанитардык текшерүү постунда фитосанитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анда Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияздын таңгактарында маркировканын жок экендиги аныкталды.

ЕАЭБдин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, аталган жүк кайра артка кайтарылды.

Количество просмотров: 139