• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Порошенко Украинадан чыгып кетти

30 Теке 2019 17:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.

Украинанын экс-президенти Петр Порошенко Түркияга учуп кеткендигин, «Украинская правда» интернет басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, экс-президенттин үй-бүлөсүнүн жарымы өткөн жумада Украинадан чыгып кеткен. Ал эми калгандары 28-июль күнү Порошенко менен бирге Стамбул шаарына учуп кеткени айтылууда. Ошондой эле маалымат булактары Порошенконун мамлекеттик күзөт кызматынан баш тартканын да жазышкан.

Эске салсак, Украинанын Тергөө боюнча мамлекеттик бюросунда Порошенконун тиешеси бар делген сегиз кылмыш ишин тергөө жүрүп жаткандыгы айтылган. Анын ичинен «Керч кысыгына байланыштуу мамлекетке  чыккынчылык кылган», -деген айыптар дагы бар. Буга байланыштуу Порошенко бир нече жолу суракка чакырылган.

Количество просмотров: 33