• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Премьер-министр Абылгазиев жумуш сапары менен түштүк жергесин кыдырат

7 Бештин айы 2018 14:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.12.2018. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына барат.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында социалдык объектинин ачылыш аземине катышат.
Мындан тышкары Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы бир катар социалдык, инфраструктуралык мекемелердин абалы жана өндүрүштүк ишканалардын ишмердиги менен таанышмакчы.

Количество просмотров: 14