• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Премьер-министр катардагы каттам менен учканы чуу жаратты

7 Бугу 2018 17:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.05.2018. Govori.TV.

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен жөнөдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчынын эл менен чогуу учакка отуруп жаткан видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Премьер министр Эл менен учту

Опубликовано Жазика Туратбекова Понедельник, 7 мая 2018 г.

Премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун учуп келүүчүлөр үчүн жаңыланган залынын ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөт башчы аталган иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи, анткени, Жалал-Абад облусунун авиакаттамын жакшыртуу маселеси бир нече жылдан бери көтөрүлүп келе жатат.

«Аталган мезгилде жарандар Бишкекке чейин анчалык коопсуз эмес жана белгилүү убакытты талап кылган унаа транспортунан пайдаланууга аргасыз болушкан», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өкмөт башчысы кезинде авиация тармагынын көйгөйлөрү активдүү талкууланып, аталган багыттагы чет элдик тажрыйбалар иликтенген.

«Менин пикиримде, облуста жаңы учуулар залынын ачылышы, жаңы авиакомпаниялардын келиши чоң жетишкендик болуп саналат. Акыркы кездерде өлкө аймактарындагы аэропортторду реконструкциялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Авиациялык тармак атамекендик экономикада өз ордун тапты», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, өлкөдөгү көйгөйлөрдүн көбү айыл жергесине туура келет, анткени, анда республиканын калкынын дээрлик 70% жашайт. Буга байланыштуу Президенттин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, айылдарды, райондорду жана облустарды өнүктүрүү боюнча чаралардын программасы бекитилген.

«Эгерде биздин айылдар өнүксө, анда аймактар жана бүтүндөй өлкө өнүгөт. Эгерде ар бир облуста авиакаттам жайгарылып, транспорттук тармак модернизацияланса, анда, менин пикиримде, республиканын экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым болот», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы билдиргендей, авиакаттамдардын көбөйүп жаткан агымы өлкөнүн өнүгүүсүнөн жана жарандардын жашоо сапатынын жакшыруусунан кабар берет. Премьер-министр маалымдагандай, 2017-жылы 10950 ички авиакаттам катталып, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1944кө жогору саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиев Премьер-министр кызматында атамекендик транспорттук тармакты, анын ичинде авиациялык тармакты өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулаарына ишендирип кетти. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тараптан мындан ары карай авиациялык тармакты өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлмөкчү.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы жаңы аэровокзалдык комплексти кыдырып чыгып, «Ош» жана «Баткен» эл аралык аэропортторун өнүктүрүү пландары менн таанышып, ошондой эле Кербен жана Исфана шаарларынын аэровокзалдарынын эскиздик долбоорлорун көрүп чыкты.

Количество просмотров: 33