• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астанага иш-сапары менен барат

16 Баш оона 201811:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.08.2018. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 16-17-августунда Астана шаарында өтө турган Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык жыйынына катышат.
Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары жакшыртуунун  актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколуна жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу пландалууда.
Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган.
Өкмөт башчы Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен биргеликте Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.
Количество просмотров: 56