• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Ереван шаарында ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат

30 Аяк оона 2019 13:35 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрь — 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, ЖЕЭК жыйындары адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт.

«Бул саммиттин өзгөчөлүгү — анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган „Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы “ Эл аралык форумун уюштуруу пландалууда», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал өткөн жумада Бишкек шаарында «Евразиялык жумалык» ийгиликтүү өткөнүн эске алды.

Количество просмотров: 50