Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарынын эски аянтында Курман айтка байланыштуу айт намазга катышты. Аны менен кошо УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка бийлик өкүлдөрү келишти.
Майрамдык айт намаз миңдеген кыргызстандыктардын катышуусунда өттү.