• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент АКСти майда чабактар менен күрөшөт деди

9 Бирдин айы 2018 9:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.02.2018.Govori.TV.

Коррупцияга каршы кызматтын (АКС) иши кайра каралып чыгат жана анын ар бир кызматкеринин иши талданат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Президент АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн түзүлгөнүн, бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир кол тийбес кастага айланып калышканын айтты.

“Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. 2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Бул орто эсеп менен бир айда 1,5 факт табылган дегенди билдирет” деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент АКС эки жылда 485 кылмыш ишин козгогонун, анын 118и гана сотко өткөрүлгөнүн, 37 гана иш боюнча айыптоо өкүмү чыгарылганын белгиледи.

“Жогорудагы 485 кылмыш ишинин 154ү кыскартылган жана токтотулган” деп кошумчалады мамлекет башчы.

Кеңештин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат.

Количество просмотров: 16