• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Президент анча албайт». Матраимов МИКтин жетекчисинин айлыгына нааразы болду

28 Кулжа 2022 18:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Искендер Матраимов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын айлыгынын өлчөмүнө нааразы болду.

Анын айтымында, МИКтин жетекчилигинин айлык акысы эң жогору.

«Сиз 110 миң сом гана айлыгым бар деп айттыңыз. Кошумча төлөм менен 150-160 миң сом чыгат окшойт. Бул жерде эч ким мынчалык ала албайт. Сиздин айлыгыңыз президенттикинен жогору. Силер мамлекеттик ишканасыңар», — деди ал.

Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын башчысы Аида Төлөгөнова апрель айынан бери гана 110 миң сом айлык алганын айтат. «Бизде бөлүм башчылары 72 миң 500 сомдон алышат», — деп кошумчалады ал.

Искендер Матраимов МИК техникалык иштерди гана аткарат деп эсептейт.

«Айлыкка 30-40 миллион гана коротот экенсиңер. Техникалык иштерди аткарып жатасыңар. Документтерди кабыл алып, банкка жөнөтөсүздөр», — деди депутат.

Количество просмотров: 2229