• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Догоевду мактады

22 Кулжа 2020 16:38 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоев менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Мамлекет башчысы Дастан Догоевди Гарвард университетине өтүшү менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы салымын канааттануу менен баса белгиледи жана анын алган билими келечекте республиканы өнүктүрүүгө иш жүзүндө колдонууда пайдалуу болооруна үмүт артты.

Дастан Догоевге Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси катары өлкөнү санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо, ошондой эле санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана башка артыкчылыктуу багыттарды аткарууга көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Мындан сырткары, ал Мамлекет башчысынын демилгеси менен түзүлүп жаткан улуттук, регионалдык жана эл аралык эксперттердин башын бириктирген Санарип лидерлердин клубун жетектейт жана санариптештирүүнү мындан ары дагы алдыга жылдыруу боюнча конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алектенет.

Мамлекет башчысы санариптештирүү алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу мурдагыдай эле темпте уланышы керектигин айтып, калк, бизнес жана мамлекет ортосундагы өз ара аракеттешүү процесстерин автоматташтыруу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Алтынбек Исмаиловдун жаңы кызматындагы ишине ийгиликтерди каалап, өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясаттын жакынкы жылдарга карата артыкчылыктуу багыты экенин эске салды.

МТБМК төрагасы Алтынбек Исмаилов өлкөнү санариптештирүү алкагында учурдагы долбоорлордун ишке ашуусу жана алдыдагы пландар жөнүндө маалымат берди.

МТБМК төрагасы өлкөнү санарип трансформациялоонун алкагындагы бардык долбоорлорду ишке ашыруу мурда белгиленген мөөнөттө аягына чыгарылаарына ишендирди.

Количество просмотров: 332