Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров курултайдын катышуучулары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берди.
Россиянын Иркустк шаарынан келген делегат Тынчтык Абдылдаев шайлоого катышпагандар тууралуу маселе көтөргөн.
Өлкө башчысы кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.
“Сиз эң туура маселе көтөрдүңүз. Кечээ жакында Бишкек шаарынын Ленин районунда эки жолу шайлоо өтүп, бирок эл дээрлик шайлоого катышкан жок. Масштабдуу шайлоолордо деле, презденттик болобу, парламенттик болобу эл келбейт. Калк абдан кайдыгер мамиле жасайт. Анан шайланган президентке же депутатка туура эмес шайланды деп беш жыл бою нааразы болуп жүрөт. Ар кимибиздин жарандык позициябыз бар. Бар шайла, жарандык позицияңды билдир”, — деди президент.