Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында Чүй облусунун Кемин районуна барат. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Мамлекет башчы сапардын алкагында монокристаллдык калай чыгарган «Астра Солар Технолоджис» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле Кемин районунун жашоочулары менен дагы жолугушаары белгилүү болду.
Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден кийин иш сапарынын алкагында Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн парламентинин жыйынында сөз сүйлөйт
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Парламенттин жыйынында …
Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Ысык-Көлгө барат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 26-сентябрда, Мамлекет башчысы жумушчу сапары …