• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Президент Марал Шаболотованын жаңы үйүн ким куруп жатканын айтты

11 Чын куран 2023 22:32 Бишкек Govori.TV

Ак-Ордо конушунун жашоочусу Марал Шаболотовага үйдү «Ас-Сафа» фондунун өкүлдөрү куруп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине билдирген.

«Мен барып көрүп кеткенден кийин «Соттогу маселелери чечилгенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киризип тургула» деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү «Ас-Сафа» фондунун өкүлдөрү: «Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз»,- деп кайрылышкан экен. «Кудай жалгасын» дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп «Ас-Сафа» фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум»,-деп билдирген Жапаров.

Буга чейин үйү түрттүрүлүп, баллары менен көчөдө калган жаш келин тууралуу видео интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган үй-бүлө менен жолуккан. Көп узабай, Марал Шараболотованын эски үйүнүн ордуна жаңы үй курулуп, курулуштун чыгымдарын Садыр Жапаров көтөрүп жатканы социалдык тармактарда жазылган болчу.

Количество просмотров: 148