• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке өткөнүнө көп болгон

7 Кулжа 2022 9:38 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент, Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү, ушул жылдын апрель айында эле мамлекетке өткөн. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев «Govori.TV» га билдирди.

«Менин билишимче апрель айында өткөн. Мага документтерин көргөзүшкөн эмес. Учурда чыккыла деп талап кылышууда»,-деди.


А бирок, Атамбаевдин жакында эле мамлекетке «балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору» үчүн бердим деп, айтканы коомчулукка жагынуу ирээтинде айтылгандай болуп калды.


«Албетте, мамлекеттик мүлкө өткөн жайды Атамбаев чечеби?»,- деген суроо жаралбай койбойт. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кат жүзүндө суроо жолдогонбуз. Катка жооп алаарыбыз менен кошумча маалымат беребиз.

Количество просмотров: 3622