• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бирикти

2 Бештин айы 202117:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарлык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.

Теги:
Количество просмотров: 244