• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент пандемия учурунда иштегендерге сыйлык тапшырды

1 Тогуздун айы 2020 16:27 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, медиктерге жана коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыктар менен медиктер, ошондой эле пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер сыйланышты.

«Мен жалпы элибиздин тилектештигин, ынтымагын дагы бир ирет өтө сыймыктануу менен белгилейм. Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам беришкен азаматтарыбыз көп болду. Эл биримдиги жүздөгөн жарандырыбыздын өмүрүн сактады», — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшкөндөрдүн каарман эмгектери менен таза ниеттерине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи.

«Сиздер журтубузга түшкөн оор күндөрдү бийик абийир, ар намыс, жогорку атуулдук милдет менен өткөрдүңөр. Күнү-түнү тыным көрбөй, чарчадым чаалыктым дебей, өзүңөргө, ата-энеңерге, балдарыңарга, жакындарыңарга болгон коркунучка карабай, катаал илдет менен кармаштыңар», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдөгү медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгиледи.

 «Ушул татаал сыноодо, эл тагдырын чече турган жагдайда, негизги үмүт, негизги күч —  өлкөбүздүн  дарыгерлерине жүктөлдү. Жалпы элибиз дарыгерлерибизге ишеним, үмүт артты. Элүү миңге жакын жарандарыбыздын өмүрүн коргоп калдыңар. Ошол адамдардын баары, алардын жакындары сиздерге ыраазылыгын билдирүүдө», — деп билдириди ал.

Ал ооруга чалдыккандардын баарынын тең өмүрү сакталып калбагынын өкүнүү менен кошумчалады.

«Көп мекендештерибизден, кыргыз мамлекети үчүн опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздан айрылдык. Каза болгондордун бейишин тилейбиз. Алардын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталат», — деп айтты Мамлекет башчы.

Сооронбай Жээнбеков эл аралык уюмдар жана өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосун белгиледи. Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан медициналык адистер келгенин эске салды. Ошондой эле ал өз Мекенине жардамга келишкен чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге ыраазычылыгын билдирди.

Бирок, Президент белгилегендей, коркунуч дагы эле бар, коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

«Саламаттык сактоонун жаңы объекттери курулууда, эскилери оңдолууда. Медициналык кадрлардын жетишсиздигин эске алып, медициналык жогорку окуу жайларында гранттык орундарды көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков бардык жарандарды бир милдет бириктирип турарын, ал — өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын мындан ары болтурбоо экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 107