КР Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен 11-октябрда Ашхабад шаарына барат.
Түркмөнстанда түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.