Бүгүн, 10-декабрда ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев Өзгөндөгү жаңы ачылган айланма жолду салтанаттуу ачкандан кийин кайра жаап коюшканын айтты.
“Өткөн жумада Өзгөндө жаңы жол курулуп, салтанаттуу ачылды. Бирок ачылыш бүткөндөн кийин бетондорду коюп кайра жаап коюшкан. Транспорт министрлигинин катасы болду окшойт. Эгерде эсептей турган аппараты так иштебесе, 10 күн тесттик режимде иштетсе деле болот эле. Президент ачып, өкмөттүн баары катышкандан кийин кайра жаап койгону бир аз туура эмес деп эсептейм”, — деди Масалиев.
Буга чейин соцтармакта жол учурда жабык экени, андагы көзөмөл жайындагы техникалык иштер калыбына келтирилип жатканы айтылган.
Эске салсак, Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автоунаа жолу 6-декабрда ачылып, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.