• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент ШКУнун саммитине катышат

9 Кулжа 2018 12:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.06.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-10-июнь күндөрү Кытайдын Циндао шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат.
Бүгүн, 9-июнда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту, самиттен кийин Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын лидери Халтмаагийн Баттулга менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулайт.
Бул ирет ШКУнун саммити “сегиздик” форматында өтөт. Ага Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери катышат. Анда маданий-гуманитардык маселеден тартып, экономика, коопсуздук боюнча сөз болору айтылууда.
Кыргызстандын президенти Циндао шаарына Бээжинден учуп барат. Ал 6-8-июнь күндөрү Кытайда мамлекеттик сапарда болду.
Количество просмотров: 11