• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти менен жолугушту

13 Теке 2018 17:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.07.2018 Govori.TV
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июлда Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Алан Пиллу менен жолугушту.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы сайтына жайгаштырды.
Мамлекет башчы жолугушууда ага өлкөдөгү активдүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорлору өлкөнүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууда практикалык мааниге ээ экенин белгиледи.
«Кызматташуу жылдарында маанилүү долбоорлор ишке ашып, экономикабызга 700 млн долларга жакын каражат инвестицияланган. Бардык долбоорлор ийгиликтүү болуп, бизге жардам болду жана биз мындан ары дагы сиздер менен ушул нукта кызматташабыз деген үмүттөбүз», — деди Жээнбеков.
Ал Кыргызстандын айыл чарбасын кайра иштетүү, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү, өлкөнүн тигүү тармагын өнүктүрүүгө вице-президенттин көңүлүн бурду.
Алан Пиллу өз кезегинде мамлекет башчысына банктын жетекчилигинин атынан Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз Кыргызстанда мындан да көп иштерди жасап, жаңы долбоорлорго керектүү ресурстарды бөлүп берүүгө даярбыз. Биздин банк айыл чарба, ирригация, энергетика тармактарында, суу менен камсыз кылуунун жана муниципалдык кызматтын  сапатын жакшыртууга көбүрөөк көңүл бурат», — деди Пиллу.
Тараптар ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу, финансы секторун бекемдөө үчүн консультацияларды берүү жана каржылоого жетүүнү камсыз кылуу жолу менен жеке ишканаларга жана жергиликтүү финансы мекемелерине колдоо көрсөтүү боюнча  долбоорлорду да талкуулашты.
.
Количество просмотров: 11