• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Президент Сочиге кимди таштап, кимди ээрчитип кетти?

14 Бугу 2018 9:46 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 14. 05. 2018. Govori.TV
Бүгүн, Сочи шаарында ЕАЭБке кирген өлөлөрдүн Жогорку экономикалык кеңешинин жыйынын өтөт. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышуу үчүн учуп кетти.
Президенттик аппараттын маалыматына таянсак,  өлкө башчысы өзү менен кошо аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыкоду, вице-премьер-министр Жениш Разаковду, экономика министри Олег Панкратов менен транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиевди ээрчитип кеткен. Ошондой эле Орусиядагы толук ыйгарым укуктуу элчи Болот Отунбаев да Сочиде кыргыз делегациясын баштап жүрмөкчү.
бул жыйында соода-экономикалык карым-катнаштар талкууга алынып, ингтеграция маселелери боюнча пикир алмашуулар жүрөт.
Количество просмотров: 10