• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент Сокулуктагы клиниканын иши менен пландан тышкары таанышты

19 Жалган куран 2024 17:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши менен пландан тышкары таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысына мобилдик клиникада бейтаптар акысыз кароодон өтүп, медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектри жана ар кандай ооруларды аныктоо боюнча консультация алса болору маалымдалды.

Садыр Жапаров клиниканы карап чыгып, медициналык адистердин кароосуна келген жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Жолугушууда медициналык, социалдык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле аларды тынчсыздандырган башка маселелер көтөрүлдү.

Президент жарандарды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылуу мамлекеттин маанилүү стратегиялык милдеттеринин бири экенин баса белгиледи. “Өлкөбүздүн башкы байлыгы – эл экенин эске алсак, биздин башкы милдетибиз – өлкөнүн ар бир жашоочусунун ден соолугуна кам көрүү”, — деди президент.

Садыр Жапаров быйыл, анын тапшырмасы менен, кезекте тургандарга өлкө бюджетинин эсебинен бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасай баштаганын эске салды. Ар бир операцияга 7 миң АКШ доллары бөлүнөт. Кийинки кадам — муктаж болгон бейтаптарга боор, жүрөк жана жилик чучугун трансплантациялоо болуп саналат.

Кайрылууларды уккандан кийин президент Садыр Жапаров көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Тургундар мобилдик комплексти уюштургандыгы жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мульти-диагностикалык комплекс Сокулук районунда үч ай иштеп, андан ары Нарын облусуна жөнөтүлөт. Буга чейин мобилдик клиникада республиканын түштүк облустарынын жашоочулары текшерүүдөн өтүшкөн.

Количество просмотров: 75