• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аякташына байланыштуу билдирүү жолдоду

11 Аяк оона 2018 13:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.09.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аякташына байланыштуу билдирүү жолдоду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Ардактуу кыргызстандыктар!
Кымбаттуу мекендештерим!
Адамзатты тынчтыкка, ынтымакка, кызматташтыкка, гуманизмге жана табият менен гармонияда жашоого үндөгөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү аяктады.
Байыркы көчмөн элибиздин маданиятынын кереметин даңазалап, намыскөй мүнөзүн, руханий дараметин жана жергебиздин ажайып кооздугун дагы бир жолу дүйнөгө тааныткан бул масштабдуу иш чара максатына жетип, өлкөбүздүн эл аралык аброюн арттырды.
Көчмөндөрдүн салт-санаасы, көөнө мурасы жанданып, ал дүйнө элдеринин кызыгуусун жаратты. Оюндарды көрүү үчүн Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик туристтер, бардык континенттердеги 74 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчулар жана катышуучулар келишти.
Көчмөндөр оюндарын 600дөн ашык чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырышты. Оюндар дүйнөнүн 60 өлкөсүндө түз берилди.
Андан тышкары, Оюндарга биздин эл аралык өнөктөштөрүбүздүн жана эл аралык спорт уюмдарынын өкүлдөрү, дипломаттар келишти.
Дүйнөнүн чар тарабынан келген конокторду кучак жая тосуп алып, урмат-сый көрсөткөн мекендештериме — Кыргызстан элинин меймандостугуна, мекенчилдигине жана ак пейилине таазим кылам!
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Туруктуу Эл аралык Алтаистикалык Конференциянын илимий жыйыны өттү.
Оюндар өтүп жаткан күндөрү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин саммитинин өтүшү жылдын олуттуу окуяларынын бири болду.
Казакстандын, Түркиянын Президенттеринин, Венгриянын Премьер-министринин жана башка өлкөлөрдүн өкмөт мүчөлөрүнүн Оюндардын ачылыш аземине катышканы өлкөбүздүн зоболосун бийиктетти.
Эл аралык эксперттер Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2018-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири катары баалашты. Көчмөндөр маданияты биздин күндөрдө да дүйнөлүк цивилизациялык-маданий өнүгүүнүн маанилүү фактору экенин ырасташты. Кыргызстан баштаган уникалдуу долбоордун келечеги кең, дүйнөлүк маанидеги мыкты саамалык экени айгине болду.
Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөрдүн алтын доору» деп аталган этношаарча өлкөбүздүн бардык дубандарынын күчү менен түзүлүп, аны 150 миңден ашык коноктор көрүштү.
Он үч ордо болуп каз-катар тигилген боз үйлөрүбүз, элдик буюмдар конокторду суктандырды. «Көчмөндөр ааламы» эл аралык этнофестивалына дүйнөнүн туш тарабынан 30дан ашуун чыгармачыл топтор келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Урматтуу мекендештерим!
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жолу катары менен кыргыз жеринде, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, бул эл аралык деңгээлдеги масштабдуу иш-чара элибиздин биримдигин бекемдеп, мекенчилдик духун бийиктетти.
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги Кыргызстандын авторлугун сактоо шарты менен Түркияга берилди. Бул уникалдуу долбоордун келечекте эл аралык мааниге ээ болуп, түбөлүгү түз болушу үчүн зарыл.
Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кыргыз эрежелерине, философиясына жана максатына ылайык дүйнө жүзүнө таркашына кызыкдар.
Ардактуу кыргызстандыктар!
Бул чоң салтанатты даярдоого жана жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө журтубуз жапырт колдоо көрсөтүп, дүйнөгө өз тарыхын жана маданиятын сыйлаган эл катары таанылдык. Уюштуруучулардын чоң тобу жана жүздөгөн кесипкөй артисттер, ырчылар, спортчулар, бийчилер жана башка өнөрпоздор күндөп-түндөп иштеди.
Көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө зор дем менен жигердүү катышкандарга, конокторду тосуп-узатууда, тартип-коопсуздукту сактоодо тикесинен тик турган мекендештериме, ошондой эле өлкөбүздүн аброюн, кадыр-баркын көтөрүп, Оюндардын өтүшүнө жеке салымдарын кошкон демөөрчүлөргө жана ыктыярчыларга терең ыраазылык билдирем. Кыргыз эли сиздер менен сыймыктанат!
Кутмандуу жергебизде тынчтык жана бакубатчылык, кең пейил элибизде биримдик болсун!
Көчмөндөрдүн рух биримдиги, күч биримдиги түбөлүккө сакталсын!
Баарыбызды Жараткан өзү колдосун!

 

Количество просмотров: 15