• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты

29 Тогуздун айы 2022 9:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 28-октябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты.

Кезексиз сессия өткөрүүнү быйыл уюмга төрагалык кылган Армения Республикасы демилгелеген.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстан Армения менен Азербайжандын ортосундагы келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чыр-чатакты тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактай турганын дагы бир жолу белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Армения менен Азербайжандын ортосундагы жөнгө салуу процесси эл аралык укуктун базалык принциптери менен ченемдеринин, ошондой эле 1991-жылдагы Алма-Ата декларациясынын негизинде улантылып жатканын кубаттай тургандыгын, түзүлгөн кырдаалдын суверенитетти, аймактык бүтүндүктү жана бири-биринин эл аралык коомчулук тарабынан таанылган чек араларынын бузулгустугуна өз ара сый-урмат көрсөтүүнүн негизинде тез арада турукташуусуна үмүт артарын кошумчалады.

Количество просмотров: 147